Борбордук Азиядагы динге өтө берилген өлкөлөр аныкталды. Рейтинг

Жазылуу
Дүйнө жүзү боюнча айтсак, динге берилген адамдар көбүрөөк Эфиопия, Малави, Нигерия, Шри-Ланка жана Йемен мамлекеттеринде жашашат

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Борбор Азиядагы динге эң жакын өлкө деп Тажикстан аталганын The Telegraph басылмасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Анда айтылгандай, WIN/Gallup International ассоциациясы 2008, 2009 жана 2015-жылдары жүргүзүлгөн үч сурамжылоонун негизинде рейтинг түзгөн. Респонденттер "Өзүңдү динчил деп санайсыңбы?" деген суроого жооп беришкен.

Борбордук Азия боюнча жыйынтыктар төмөнкүчө:

Тажикстан — 85 пайыз эл динди катуу карманат;

Түркмөнстан — 80 пайыз;

Кыргызстан — 72 пайыз;

Казакстан — 64 пайыз;

Өзбекстан — 51 пайыз.

Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков диний уюмдардын каржылык булагын көзөмөлдөө керектигин айтты
Ал эми дүйнө жүзү боюнча айтсак, динге берилген адамдар көбүрөөк Эфиопия, Малави, Нигерия, Шри-Ланка жана Йемен мамлекеттеринде жашашат.

Белгилей кетсек, январь айынын башында Булан институту Чүй облусу менен Бишкектеги медреселердин окуучуларынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, алардын басымдуу бөлүгү көп балалуу үй-бүлөдөн экенин аныктаган. Отчетто суралган студенттердин 5 пайызы үч бир тууган, 15 пайызы — төрт, 45 пайызы — беш, 20 пайызы — алты, 10 пайызы — жети бир тууган экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0