18:30 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарындагы трамвайда

Мирзиёев трамвайга түшүп алып Самарканд шаарын кыдырды

© Фото / пресс-служба президента Узбекистана
Азия
Кыскача шилтеме алуу
128821

Кечээ Самаркандда Темир жол бекети — Сартеп деп аталган трамвай каттамы ачылып, ага өлкө президенти Шавкат Мирзиёев катышты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд шаарына барып, эл менен жолугуп, жашоо-турмуш туурасында сүйлөшүп, пикир алышты. Андан сырткары трамвай түйүнүн көрдү. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды. 

Президент Мирзиёев трамвайга "Тарих музейинен" түшүп алып, "Темир йул вокзали" аялдамасына чейин барган.

Ал бул тармакта тажрыйбалуу айдоочуларды даярдоо иштерин жөнгө салуу зарылдыгы тургандыгын айткан.

Трамвай түйүнүнүн узундугу 6,4 чакырымды түзгөн. Аны тейлөө үчүн төрт электр көмөк чордондору жана бир депо курулган. Ал эми жаңы ачылган Темир жол бекети — Сартеп деп аталган каттамга сегиз трамвай бекитилген.

Тема боюнча

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев апрелде Россияга барат
Белгилер:
трамвай, Шавкат Мирзиеев, Самарканд, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ