Азербайжан өлкө башчысы жубайын биринчи вице-президент кылып дайындады

© AFP / PHILIPPE WOJAZER / POOLАзербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиеванын архивдик сүрөтү
Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аталган документке шейшемби күнү кол койгон.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Азербайжандын өлкө башчысы Ильхам Алиев жубайы Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындады. Бул тууралуу Sputnik Азербайжан агенттиги кабарлады.

Президент аталган документке шейшемби күнү кол койгон.

Учурда Мехрибан Алиева Гейдар Алиев атындагы фонддун президенти болуп саналат.

АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
АКШнын биринчи айымы өзүнүн аппарат башчысын дайындады
2004-жылдын 13-августунда Азербайжандын музыкалык мурасын жана элдик оозеки адабиятын өнүктүрүүгө жана сактоого кошкон салымы үчүн ЮНЕСКОнун ыктыярдуу элчиси деген ардактуу наамга ээ болгон.

2004-жылдын 28-декабрында Азербайжандын Улуттук олимпиада комитетинин 4-башкы ассамблеясында Алиева аталган комитеттин мүчөсү болуп тандалган.

2004-жылдан тарта "Ени Азербайжан" саясий кеңешинин мүчөсү болгон.

2013-жылдын 7-июнунда "Ени Азербайжан" партиясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Азербайжандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум 2016-жылдын сентябрь айынын аягында өткөн. Анда эл президент кызматын уланта берүүсү, президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектөөнү алып салуу, вице-президент кызматын киргизүү жана башка жаңы оңдоп-түзөөлөргө добуш берип, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0