Кен казуудан IT тармагына "секирген" инвестор. MegaCom операторун ким сатып алмакчы?

Жазылуу
MegaCom компаниясына сунуш берген компаниянын түзүүчүсү Германияда каттоодон өтүп, бир айдан кийин эле ишкерлигин Кыргызстандан баштаган

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айында "АКА минералз энд майнинг" аттуу компания MegaCom бренди менен таанымал "Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомун сатып алуу сунушун бергенин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан маалымдашкан.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган компания качан, кайда катталып, кимге караштуу экенин иликтеп чыкты.

Сариев о продаже Megacom: это простая экономика и логичное решение - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актай албай сатылып жаткан 7 мамлекеттик ишкана. Баасы жана себептери
Кыргызстандын Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда MegaCom компаниясын сатып алууну көздөгөн "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн. Ал Германияда катталган "АКА петролеум" ЖЧКсы менен Касым Курбанов аттуу жаранга таандык экени жазылган. Ошондой эле ишкана жаратылыш минералдарын жана тоо тектерин казуу менен алектенери көрсөтүлгөн.

© Фото / официальный сайт Минюст КРЮстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, АКА минералз энд майнинг 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн - Sputnik Кыргызстан
1/2
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн
© Фото / официальный сайт Минюст КРЮстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, АКА минералз энд майнинг 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн - Sputnik Кыргызстан
2/2
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн
1/2
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн
2/2
Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, "АКА минералз энд майнинг" 2014-жылдын 13-октябрында каттоодон өткөн

Бир күндө аты менен заты өзгөргөн компания

Ошские небесные ворота — реконструкция во имя безопасности - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз учагын ремонтко койгон мамлекеттик авиакомпания. Калган аба кемелери кайда?
19-январда "MegaCom компаниясын сатып алууга сунуш түштү" деген жаңылык тарагандан кийин эле ошол эле күнү "АКА минералз энд майнинг" ишканасы "АКА Инвест" деген аталыш менен кайрадан каттоодон өтүп, өзүнүн иш багытын "маалыматтык технология жана эсептөөчү техника тармагы" деп өзгөртүп койгон.

Жалпак тил менен айтканда, бул компания буга чейин IT-тармагында иштеп көргөн эмес. Эгер сүйлөшүүлөр оңунан чыкса MegaCom алардын маалыматтык технология тармагындагы биринчи тажрыйбасы болмокчу.

Таштанды үчүн төлөнгөн 100 сом

Ачык бюджет порталындагы маалыматка караганда, "АКА Инвест" болуп өзгөргөн "АКА минералз энд майнинг" ишканасы 2015-жылы таштанды үчүн 100 сом төлөгөн. Ошол эле жылы Мамлекеттик геология агенттигинин эсебине аукционго катышуу үчүн 6 миллион 121 миң 950 сом кепилдик каражатын которгон. 

© Фото / портал "Открытый бюджет""АКА минералз энд майнинг" ишканасы 2015-жылы Мамлекеттик геология агенттигинин эсебине аукционго катышуу үчүн 6 миллион 121 миң 950 сом кепилдик каражатын которгон
Сведения о АКА минералз энд Майнинг  - Sputnik Кыргызстан
"АКА минералз энд майнинг" ишканасы 2015-жылы Мамлекеттик геология агенттигинин эсебине аукционго катышуу үчүн 6 миллион 121 миң 950 сом кепилдик каражатын которгон

Бирок Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рысбек Токтоналиев аталган каражат кайра эле компанияга кайтарылып берилгенин билдирди.

"Аталган компания 2015-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан "Терек" кенинин "блок — XVII-C1" деген түштүк участогундагы сурьма чыккан жерин иштетүү үчүн аукционго катышкан. Лицензиянын баасы 100 миң доллар болчу", — деди Токтоналиев.

Анын айтымында, кытайлык "Хуасинь" компаниясы 130 миң доллар сунуштап аукционду жеңип алган. Ал эми "АКА минералз энд майнинг" 110 миң доллардан ашык сумма сунуштабаганы үчүн жеңилген.

ЖМКда аты аталган Нурмамэт Кудрэт деген ким?

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка таянсак, MegaCom компаниясына көз кырын салган "АКА минералз энд майнинг" (азыркы "АКА Инвест") ишканасын Германиядан каттоодон өткөн "АКА петролеум" ЖЧКсы менен Касым Курбанов аттуу Кыргызстандын жараны түзгөн.

Офистеги кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда отуруп алып дүйнөнү багындыргандар. Өлкөдөгү 6 мыкты IT компания
Жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары Кыргызстандын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигине шилтеме берип "АКА петролеум" ЖЧКсынын жетекчиси Нурмамэт Кудрэт аттуу немец жарандыгын алган кытайлык уйгур экенин жазып жатышат.

Маалыматты тактоо максатында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары AKA Petroleum компаниясынын сайтында көрсөтүлгөн номерлерге чалып байланыша алган жок.

Анткен менен Global Company Intelligence аттуу эл аралык компаниялардын маалымат базасында münchen AKA Petroleum түзүлгөндөн (2014-жылдын 8-майында) бир жарым жыл өткөндөн кийин эле компания жетекчиси Нурмамэт Кудрэт иштен кетип, анын ордуна Дубайда жашаган 53 жаштагы Абдукадыр Хабибула (Abdukadyr Khabibula) дайындалганы көрсөтүлгөн.

Ошондо компаниянын чыныгы жетекчиси ким? ЖМКларда байма-бай ысымы аталып жаткан Нурмамэт Кудрэтпи же башкабы деген сыяктуу бир катар суроолорго жооп алуу үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна кайрылганыбызда маалымат кызматынын өкүлү Махабат Мансурова ведомство азырынча бул компания тууралуу эч кандай маалымат бербей тургандыгын айтты.

Ал эми Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин башчысы Эсенкул Момункулов Нурмамэт Кудрэт немец жарандыгын алган кытайлык уйгур экенин тастыктап, бирок толук маалыматты "Акылдуу шаар" долбоорун "АКА минералз энд майнинг" менен биргеликте ишке ашырганы жаткан кытайлык Huawei компаниясынан тактоону сунуштады.

Бул арада Sputnik Нурмамэт Кудрэттин өзү менен байланышка чыкканы менен ал журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. Бирок AKA Petroleum компаниясынын башчысы эместигин, болгону менеджмент тармагын жетектей турганын ырастады. Ал эми ишкананын азыркы директору ким экенин атоодон баш тартты.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оозду ачырган масштаб! "Кыргызалтын" ишканасы тууралуу 7 факты
Жогоруда аталган Global Company Intelligence аттуу эл аралык компаниялардын маалымат базасында AKA Petroleum ишканасынын 53 жаштагы жетекчиси деп көрсөтүлгөн Абдукадыр Хабибула (Abdukadyr Khabibula) тууралуу кенен маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Бирок ушундай эле ат менен Facebook социалдык тармагында катталган жалгыз баракчаны көрүүгө болот. Андагы маалымат боюнча дагы Хабибула учурда 53 жашта, 16-февралда 54кө толот. Баракчасында жалпы алты досу болсо алардын арасында маркум депутат Улан Чолпонбаев бар. 
© Фото / FacebookFacebook социалдык тармагында AKA Petroleum ишканасынын жетекчиси делген кишинин ысымы менен катталган жалгыз баракча бар
Пользователь Facebook Абдукадыр Хабибула - Sputnik Кыргызстан
Facebook социалдык тармагында AKA Petroleum ишканасынын жетекчиси делген кишинин ысымы менен катталган жалгыз баракча бар

(Белгилей кетчү жагдай, Facebook баракчасына Абдукадыр Хабибула деген ысым менен катталган адам AKA Petroleum ишканасынын жетекчиси эмес, башка адам болуп калышы дагы мүмкүн)

Баса, "АКА минералз энд майнингди" түзгөн дагы бир жаран Касым Курбанов менен Sputnik агенттигинин кабарчылары байланышты, бирок ал дагы комментарий берүүдөн баш тартып койду.

АКА Petroleum алгачкы бизнесин Кыргызстандан баштаганбы

Германиянын ишканалар реестринин расмий сайтындагы маалыматка караганда, AKA Petroleum 2014-жылдын 8-майында немец шаары Мюнхенде Kronstadter Str. 1, 81677 дареги боюнча катталган. Анын уставдык капиталы 25 миң еврону түзөт.

Ишкананын негизги багыты — пайдалуу кен казуу, газ, мунай өндүрүү, сактоо, бөлүштүрүү, пайдалануу жана капиталдык салымдын бардык түрүн алуу. Кийинчерээк эксплуатация, мейманканаларды ижаралоо жана лизинг менен дагы алектене баштаган.

Мегаком компаниясыны сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaCom компаниясы ортомчулар аркылуу сатылышы мүмкүн
Компания жаңы түзүлгөндөн бир ай өткөндөн кийин эле, тагыраагы 2014-жылдын 12-июнунда, Кыргызстанда "Терексай жаштары" ЖЧКсын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөргөн

Кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылында жайгашкан "Кассан" сурьма кенин иштетүүгө жарыяланган аукциондо 4 миллион 521 миң доллар сунуштап жеңип алган

"Терексай жаштары" 2014-2017-жылдар аралыгында мамлекетке 274 миллион 932 миң 772 сом салык төлөгөн. 

© Фото / портал "Открытый бюджет"AKA Petroleum түзгөн "Терексай жаштары" 2014-2017-жылдар аралыгында мамлекетке салык жана кызматтарга 274 миллион 932 миң 772 сом төлөгөн
Компания Терексай жаштары - Sputnik Кыргызстан
AKA Petroleum түзгөн "Терексай жаштары" 2014-2017-жылдар аралыгында мамлекетке салык жана кызматтарга 274 миллион 932 миң 772 сом төлөгөн

Белгилей кетсек, АКА Petroleum "Терексай жаштары" компаниясын Чолпон Элмуратова аттуу жаран жана Синьзянь эл аралык "Бизниснур" соода ЖЧКсы менен биргеликте түзгөн. Ал эми Токтосун Туманбаев деген киши ишкананын директору болуп эсептелет. Ушул эле адам турак жай куруу менен алектенген "Спец Гидро Строй" ЖЧКсынын түзүүчүсү болуп эсептелет.

MegaCom жетекчилиги эмне дейт

"Альфа Телеком" жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Азат Базаркулов аталган компания тууралуу азырынча эч кандай маалыматы жок экенин айтты.

"MegaCom компаниясы "Ака минералз энд майнинг" ишканасына презентация өтүп бере элек. Себеби презентация учурунда аларга көп маалыматтарды ачып беришибиз керек болот. Ал үчүн алар сырды сактоо боюнча келишимге кол коюшу керек. Азырынча мындай келишимдер кабыл алына элек", — деди Базаркулов.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлк фондусу MegaCom компаниясына мамлекеттин атынан акционер болгондуктан эки тараптуу сүйлөшүүнү, сунуш түшкөн тараптын ишенимдүүлүгүн текшерүү милдеттерин тийиштүү органдар менен биргеликте өзү аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0