Суткасына батир берүүнү тыюу кезектеги кемтик мыйзамбы

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос о недвижимости в Кыргызстане
Вопрос о недвижимости в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү жаңы мыйзам кабыл алып, ага ылайык көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди суткалап ижарага бергендерге жаза күчөтүлдү. Анткен менен мыйзамды буйтап өтүүнүн жолдору арбын.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ошентип көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди саатына же суткалап ижарага бергендерге жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мыйзам бузган жөнөкөй жарандарга 7 000 сом, кызмат адамдарына 9 000, ал эми юридикалык жактарга 70 миң сом айып салынат. Аталган мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев демилгелеп чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 30-декабрь күнү кол койгон "КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам 10 күндөн кийин, тагыраагы 2017-жылдын 10-январынан тарта иштеп баштады.

Эмесе ушул мыйзамдын юридикалык тарабын талдап көрөлү.

Гостиница бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саатына батир берүүгө тыюу салуу — ыпластыкка бөгөтпү же туризмге соккубу
Кыргызстанда көп кабаттуу турак жайлар менен байланышкан укуктук мамилелерди Конституция, Жарандык кодекс, Турак жай кодекси, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс, өкмөт тарабынан бекитилген көп квартиралуу турак үйлөрдү, жерлерди санитардык жагынан күтүүнүн эрежелери жана өкмөттүн токтомдору көзөмөлдөйт.

Жогорудагы мыйзамдардын ичинен көп кабаттуу үйлөр тууралуу "Турак жай" кодексинде кененирээк жазылган. Андагы түшүнүк боюнча көп кабаттуу үйдөгү батир — бул бир же бир нече бөлмөлөрдөн, ошондой эле жарандардын жашап туруусу менен байланышкан, алардын муктаждыктарын канааттандырууга арналып, кошумча жайлардан (ашкана, даараткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар) турган көп батирлүү үйдөгү турак жай болуп эсептелет. 

Дал ушул түшүнүккө дал келген турак жай учурдагы кызуу талкууга жем таштаган мыйзамдын субъектиси боло алат. Демек, жер үйлөргө, мейманканаларга, хостелдерге бул мыйзамдын алы жетпейт. Алар адаттагыдай эле ишин уланта берет. 

Негизи көп кабаттуу батирлерди мейманкана катары берүүгө тыюу салган норма төрт жыл мурда эле кабыл алынган. Буга чейин "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексинин 487-3-беренесине ылайык, көп кабаттуу үйдөгү батирлерди мейманкана катары берген жөнөкөй жарандарга 1000 сомдон 2000 сомго чейин, кызматтагы адамдарга 5000 сомдон 10 000 сомго чейин, юридикалык жактарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып каралган.

Ошентип, аталган мыйзам долбоору болгону жөнөкөй жарандарга жазаны көбөйтүп, "мейманкана катары берүү деген сөз бир сутка жана саатына мейманкана катары берүү" деген сөз менен алмашууда. Жакшылап сөздүн маңызын байкап көрсөк, тамгалар алмашканы менен тамыры ошол бойдон калууда.

Эл өкүлү Кожобек Рыспаевдин Бишкек шаардык мэриясына таянуу менен берген маалыматына караганда, атайын жумушчу топ болгону сегиз гана мыйзам бузулган учурду аныктап, 15 миң сом айып салган. Мунун менен депутат мыйзам иштебей жаткандыгын баса белгиледи.

Ооба, жогоруда жазгандай жөнөкөй жарандарга жаза көбөйтүлдү. А бирок кызматтагы адамдар менен юридикалык жактарга жаза азайтылды. Орун алмашуудан сумма өзгөрөбү? Демек, "идеалдуу" иштеп жаткан мыйзамды кайталап жазып коюунун канчалык зарылчылыгы бар эле?

Мыйзамдагы кагылышуу…

Ымыркай көтөргөн эне. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайларга 50 миң сом жөлөк пул берүү демилгеси: реалдуубу же кыялдануубу
Конституцияда жеке менчик тууралуу кеңири түшүнүк берилип, анын корголушу айтылат. 12-беренеге ылайык, Кыргызстанда менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана ал кол тийгис. Ал эми 30-беренеде эч ким турак жай ээсинин эркинен тышкары үйгө кире албай тургандыгы даана жазылган. Эгерде күмөн жараткан жагдай түзүлсө соттун чечими керек. Ансыз болбойт.

Мыйзамда көрсөтүлгөн учурда гана соттун чечимисиз үйдү тинтүүгө болот. Жаңы кабыл алынган мыйзамда батирин саатына жана суткасына мейманканага бергендерди соттун чечимисиз тинтүү деген талап жок. Демек, күнөө койгон милиция жөн гана үйгө кирип бара албайт.

Мыйзамда тыюу салынбаса, демек уруксат берилет

  • Турак жай кодексинин 19-беренесине ылайык, көп батирлүү үйдө анын ээси, үй-бүлө мүчөлөрү жана "бирге жашагандар" күн кечирүүгө укуктуу. Ооба, "бирге жашагандар" деген түшүнүк бар. Демек, бирге жашагандар бир саатка, бир суткага келгенге толук кандуу укуктуу. 
  • Ушул эле беренеге ылайык, үй ээсинин туугандары чогуу күн кечирүүгө, алысыраак жашаса каалаган убакытка конок катары келүүгө укуктуу.
  • 26-беренеге ылайык, менчик ээси батирин кыргыз жарандарына, чет элдиктерге, жарандыгы жок адамдарга ижарага берүүгө укуктуу. Батирин бир саатка, бир суткага, болбосо бир айга ижарага берүү анын өз эрки.

Соңку сөз ордуна

Мыйзам кабыл алынганына үч күн болгону менен көп кабаттуу батирлерди суткасына мейманкана катары бергендер мурунку калыбынан жазбай иштөөдө. Буга далил катары алардын интернетте жайнаган жарнамаларын айтууга болот. Алардын бири менен байланышканыбызда 100 пайыздык кепилдик берип, "милиция" тарабынан эч кандай көйгөй болбой тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0