БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. Кыргызстан менен Сейшел Аралдары Республикасы өз ара визасыз режим киргизүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Дипломаттар саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, мындан тышкары, туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан.
"Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Сейшел Аралдары Республикасынын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү сапарларга визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууга кол коюлду", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Барри Фор Кыргызстанга 3-майда келген. Расмий сапар 6-майга чейин уланат.