Фицо ЕБ лидерлери Путин менен жолукканына кандай карап жатканын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо РФ лидери Владимир Путин менен жолуканы үчүн сындаган европалык саясатчылар экөөнүн кебинин жыйынтыгына өтө кызыгып жаткандыктарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Путин менен жолугуп келсем, баары мени сындап киришет. Бирок Брюсселге барганда ошол эле кишилер дааратканага чейин артымдан калбай, анын эмне дегенин сурашат", — деп Фицо Ружомберокто студенттер менен жолукканда айтып берген.
Апрелде Польша жана Балтика боюндагы өлкөлөр Словакиянын өкмөттүк учагына Москвадагы Жеңиш күнүнө карата салтанатка өз аймактарынан учуп өткөнгө уруксат бербей коюшкан.
Ушул жумада РИА Новостинин Польшанын дипломатиялык чөйрөлөрүндөгү өкүлү билдиргендей, Фицо Россиянын борборуна автоунаа менен барышы мүмкүн. Ал Москвада Белгисиз жоокердин көрүстөнүнө гүл коет. Бул Словакияны фашизмден коргоодо өмүрүн берген каарман советтик аскерлерге көрсөткөн сый-урматы болорун, ал эми 9-Майдагы аскердик парадга катыша албастыгын билдирди.
Фицо: Киев ЕБден көздөгөнүн алыш үчүн согуштук тажрыйбасы менен опузалашы мүмкүн