Аймактарда сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда 1-2-майдагы жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Мындан тышкары, 1-майдан 6-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Көк-Арт жана Чоң-Ашууда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болот.
ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин эскертет.
Күн күркүрөп, өткүн өтөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу