Коргоо министри ШКУ аймактагы коопсуздуктун ишенимдүү кепили болорун айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Коргоо министри Руслан Мукамбетов ШКУ аймактагы коопсуздуктун жана туруктуулуктун ишенимдүү кепили болорун айтты.
Бишкекте өтүп жаткан ШКУ өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин кеңешинде Мукамбетов коргонуу тармагындагы негизги артыкчылык өз ара ишенимди бекемдөө экенин белгилеген.
"Биз ачык сүйлөшүү жана мамлекеттердин кандай кадам жасай турганын алдын ала түшүнүп-билүү аркылуу гана тынчтыкты сактай алабыз. Элдин коопсуздугун да узак убакыт камсыздайбыз", — деди ал.
Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Беларустун коргоо министрлери, Ирандын коргоо министринин орун басары жана ШКУнун баш катчысы катышууда. Министрлер кызматташтыкты жабык форматта талкуулап жатышат.
ЖККУ баш катчысы: БУУ оор кризисти башынан кечирүүдө