Пробация көзөмөлүндөгү жарандар үчүн Face ID системасы ишке киргизилди

Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинде “Пробация” санариптик технологиялык системасына жаңы Face ID модулу киргизилди.
Долбоор Башкы прокуратурага караштуу “Укук” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылган. Жаңы модуль веб-камералар аркылуу жүздү таануу технологиясы менен адамдарды идентификациялоону карайт. Бул пробация органдарына кайрылганда же айрым процедуралар жүргүзүлгөндө кардардын өздүгүн автоматтык түрдө тастыктоого мүмкүнчүлүк берет.
Пробация департаментинин электрондук эсепке алуу жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Асек Элмирбек уулу Sputnik агенттигине билдиргендей, пробация көзөмөлүндөгү жарандар айына эки жолу каттоодон өтүү жана профилактикалык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн келип турушат. Мурда эсеп кагаз түрүндө жүргүзүлүп келген, кийин манжа изи аркылуу идентификация киргизилген. Кийинчерээк паспорту жок кишилер жана жашы жете электер пайда болгон. Ошондуктан 15-апрелден тартып Face ID системасы иштей баштады. Ал өзгөчө документтери жок адамдар үчүн маанилүү.
“Буга чейин аймактык деңгээлде, чоң коррупциялык тобокелчиликтер болгон. Аларды жоюу үчүн биз бардык процесстерди автоматташтырдык. Face ID киргизүү мониторингди жана анализди жакшыртат, ошондой эле кызматкерлердин борбордук бөлүмдөр менен кызматташуу ылдамдыгын жогорулатат”, — деди Элмирбек уулу.
Ал кошумчалагандай, автоматташтыруу кардарларды кабыл алуу убактысын да кыскартты. Мурда бир сүйлөшүү бир сааттай убакыт алса, азыр болжол менен 15 мүнөткө чейин кыскарды.
Былтыр алимент төлөөдөн качкан 1 205 жаран издөөдө жүрөт