28-апрелге карата аба ырайы

28-апрелге караган түнү Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарынан башка аймактардын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Талас аймагында +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көл, Нарында +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +25...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Күн күркүрөп, өткүн өтөт. Бир жумага карата аба ырайынын божомолу