Арыбаңыздар ардактуу угармандар! Жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыздар! Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача... Апрелден тарта мугалимдер жогорулатылган айлык ала башташат Токтогул суу сактагычында рейддин жүрүшүндө 12 миң метр тор чыгарылдыКыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов келди. Алдыда кененирээк...Кыргызстанга Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов иш сапары менен келгенин Коргоо министрлиги билдирди. "Манас" эл аралык аэропортунан аны КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы генерал-майор Талантбек Талипов тосуп алган. Иш сапардын алкагында Белоусовдун Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу пландалууда.
1-апрелден тарта мугалимдердин айлыгы эки эсе жогорулады. Бул тууралуу Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында мындай чечим президент Садыр Жапаровдун 26-марттагы Жарлыгына ылайык кабыл алынды. “Бардык агартуучулардын айлык акылары 100 пайыз жогорулады. Жаңы эсептелген шартта эртеңден тарта алардын айлыктары карточкаларына түшө баштайт. Атап айтканда, 183 978 агартуучунун маянасы бирдей көтөрүлүп жатат”,-деп билдирди агартуу министри.
Чет элдиктер таксиде иштеш үчүн расмий тилди билиши керек Минкабдын токтом долбоору коомдук талкууга чыкты. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга (КМШдан тышкары) мамлекеттик же расмий тилди А1 же А2 деңгээлинде билгенин тастыктаган сертификат талап кылынат. Ал эми такси кызматын көрсөткөн платформалар лицензиясы жок айдоочуларга заказ берүүгө тыюу салып, мындай учурлар тууралуу тиешелүү органдарга билдирүүгө милдеттүү болот. Ошондой эле айдоочулар жол коопсуздугу боюнча квартал сайын нускама өтүп турууга тийиш. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташууда камсыздандыруу, техникалык талаптарды сактоо жана рулу оң жакта жайгашкан унааларды колдонбоо боюнча көзөмөл күчөтүлөт.
Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоочу куралдардан тазалоо боюнча масштабдуу рейд өттү. Бул тууралууу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Эки күндүк рейдде суудан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылды. Рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлүп, өлкөнүн суу ресурстарын коргоону күчөтүүгө багытталган иш-чаралардын бир бөлүгү болуп эсептелет. Ведомство мындай текшерүүлөр Кыргызстандын бардык ири суу объекттеринде туруктуу негизде улантыларын белгиледи.Адистер жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырып, мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшкө коомчулуктун колдоосу маанилүү экенин эскертишти.
Кремлдин өкүлү Европа болгон-бүткөн көйгөйүн Россияга оодарып сала албай турганын билдирдиЕвропа мамлекеттеринин бийлиги ички көгөйлөрүн Россияга оодарып сала албайт. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды. Кремлдин өкүлү "Вести" маалымат кызматынын автору Павел Зарубин менен баарлашып жатып Россия Европа үчүн "үлгүлүү тышкы душманга" айланганына токтолгон. "Аягы жакшы болбойт. Баарын бизге оодара салышабы? Жок, анте алышпайт. Европада кризис тереңдеп баратат. Бул экономикадагы, коопсуздук жаатындагы кыйынчылыктар. Эң башкысы — европалыктар өзөгүн жана негизги багытын түшүнө албай калышты", — деди Песков. Ал Россия Европанын эртеңи үчүн кооптуу деп жар салышы чоң ката экенин кошумчалаган.