БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Нью-Йорк шаарында белгилүү уз, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү Айдай Асангулованын жаркын элесине арналган иш-чаралар өтүп жатат. Бул тууралуу анын ишин улантуучу Нуржамал Асангулова билдирди.
Демилге Айдай Асангулованын америкалык өнөктөштөрү тарабынан көтөрүлгөн. Алгач Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында үткүн "Walking with the Earth" ("Жер менен шайкештикте") аттуу эл аралык көргөзмөгө уздун колунан чыккан кийиз буюмдары коюлду.
"Андан соң эскерүү кечеси өтүп, өмүр жолу, кылган эмгеги, чыгармачылыгы жана маданий мурасы тууралуу айтылып, даректүү тасма тартууланды. Өзүнүн жаңы эле реставрацияланган туш кийизи бар эле, эскерүүгө келгендер кагазга Айдай эжем тууралуу ой-пикирин, көксөөсүн жазып илип кетишти. Ушу тапта кийиз жасоо боюна мастер-класстар өтүп жатат. Иш-чара эки күнгө созулат", — деди Нуржамал Асангулова.
Эскерте кетсек, белгилүү уз, этнограф, дизайнер, "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун түптөөчүсү жана жетекчиси Айдай Асангулова 48 жаш курагында оорудан улам үстүбүздөгү жылдын 25-январында көз жумган.