БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Талас жергесинде +21...+26, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөндөрүндө +18...+23 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +27…+29 градуска жетет.