БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Нарын дарыясынын нугу бурула турганын энергетика министри Таалайбек Ибраев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
Министрдин айтымында, бул иштер Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу үчүн керек. Ибраев суунун нугу бурулуп, ал жерге бийиктиги — 260 метр, туурасы — 700 метр болгон плотина куруларын түшүндүрдү.
"Дарыянын нугун бурууга 1,5 жылдай убакыт керек. Каржылоо маселесин карап чыгуу боюнча Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилигине кат жолдодук", — деп министр эфирде.