УКМК Ички иштер министрлигин тинтүүгө алганын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. УКМКнын кызматкерлери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматында тинтүү жүргүзгөнүн маалымат булактар билдирди.
Алдын ала кабарда аңчылык үчүн куралга уруксаты бар документтерди берүүгө байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле тинтүүлөр Ленин райондук ИИБинде да болуп жатат.
Министрликтин маалымат кызматы бул боюнча комментарий бере элек.
УКМК: 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлери кармалды