https://sputnik.kg/20260421/ukmk-iim-kyzmatkerlerin-karmady-1100909978.html
УКМК: 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлери кармалды
УКМК: 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлери кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалганын УКМК... 21.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-21T13:25+0600
2026-04-21T13:25+0600
2026-04-21T13:25+0600
кыргызстан
иим
пара
опузалоо
укмк
шектүү
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100907041_0:0:946:532_1920x0_80_0_0_0db64e8ce5337c7020fb6b5728d21eff.jpg
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалганын УКМК билдирди. Алар опузалап пара талап кылууга шектелип жатат. Кызматкерлер Россиянын жаранынан кылмыш иши боюнча жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылган дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр акчаны түз албай, чет элдик банк эсептери аркылуу бөлүп которуу схемасын колдонгону аныкталган. Акча "Сбербанктагы" карталарга үчүнчү жактар аркылуу түшүп, кийин накталанып, Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштырылган. 17-апрелде бөлүм башчы П.М. жана ыкчам кызматкер А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары, ишке тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.
https://sputnik.kg/20260420/militsiya-kyzmatkeri-karmaldy-1100887314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/15/1100907041_0:0:946:710_1920x0_80_0_0_6799c765cb63d637f75d06ef797b928f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, иим, пара, опузалоо, укмк, шектүү
кыргызстан, иим, пара, опузалоо, укмк, шектүү
УКМК: 9 миллион рубль талап кылууга шектелген ИИМдин кызматкерлери кармалды
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы жана оперативдүү кызматкери кармалганын УКМК билдирди.
Алар опузалап пара талап кылууга шектелип жатат.
Кызматкерлер Россиянын жаранынан кылмыш иши боюнча жазаны жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 9 миллион рубль (болжол менен 100 миң доллар) талап кылган дешти. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр акчаны түз албай, чет элдик банк эсептери аркылуу бөлүп которуу схемасын колдонгону аныкталган. Акча "Сбербанктагы" карталарга үчүнчү жактар аркылуу түшүп, кийин накталанып, Кыргызстандын аймагында мыйзамдаштырылган.
17-апрелде бөлүм башчы П.М. жана ыкчам кызматкер А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан сырткары, ишке тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылды.