Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Ардактуу угармандар, жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Алгач биз токтоло турган кабарлардан кыскача...Кыргызстандык дарыгерлер Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөргө тажрыйба жана билим алууга жөнөтүлөтИран Америка Кошмо Штаттары менен сүйлөшүүдөн баш тарттыСадыр Жапаров казак калкына Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. Алдыда кененирээк... Садыр Жапаров казак калкына Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты."Ардактуу Касым-Жоомарт Кемел уулу! Кадырлуу казак агайындар! Казактын улуу уулу, Кыргыз эл акыны, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстандын Кыргызстандагы тунгуч элчиси, Чыңгыз Айтматовдун жана мүлдө кыргыз элинин досу Мухтар Шаханов дүйнө салды деген суук кабарды өтө кайгыруу менен кабыл алдым", – деген президент. Эске салсак, кечээ, 19-апрелде, үлкөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун досу Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды.
Кыргызстан дарыгерлерин Россияга жана Шанхай кызматташтык уюмунун калган өлкөлөрүнө тажрыйба топтоп келүү үчүн жөнөтүүнү көздөп жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдирди. Ал Кытай менен да бул багытта келишим барына токтолду. "Россия жана Беларусь менен да адистерибизди окутуу, үйрөтүү жаатында кызматташып жатабыз", — деген Кадыралиев Бишкекте өткөн ШКУнун саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйынында. Ал министрлик "Болочок дарыгер" программасын иштеп чыгып жатканын айткан. Анда кыска мөөнөттүү курстардан окуп, тажрыйба топтоп келүүдөн тышкары, жаштарды ШКУ өлкөлөрүнө эки жылдык ординатурага жөнөтүү пландалып жатканын кошумчалаган.
Киевге Европа биримдиги берет деп жаткан 90 млрд евро талкууга жем таштады Евродепутат Тьерри Мариани аны "насыя эмес, белекке окшош жардам” деп баалады. Саясатчынын айтымында, каражатты кайтаруу шарттары так эмес жана акырында чыгымды төлөө европалыктардын мойнуна жүктөлүшү мүмкүн. Мариани ошондой эле бул чечимди шайлоочуларга карата сыйлабастык деп атап, айрым шарттардын реалдуулугунан күмөн санай турганын билдирди.
Иран АКШ менен сүйлөшүүнүн экинчи айлампасын жүргүзүүдөн баш тартты. Бул маалымат IRNA агенттигинин социалдык тармактагы баракчасына чыкты. "Иран Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдү улантуудан баш тартты. Буга Вашингтондун ашкере талаптары, ишке ашпаган максаттары жана Ормуз кысыгындагы курчоо-чектөөнү токтотпой жатканы себеп болгон. Тегеран блокаданы атышууну токтотуу келишимин бузуу катары кабыл алды", — деп маалымат агенттиги жазды. АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү америкалык делегация 20-апрелге белгиленген сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Пакистандын борборуна жөнөп кеткенин айтты. Ал кепке келип калабыз деп үмүт артып жатканын белгилегени менен, ошол эле учурда Иранды "тынчтык келишимин бузуп жатат" деп айыптады. Трамп эгер Тегеран келишимден баш тартса, өлкөдөгү бардык электр станциялары менен көпүрөлөрдү талкалап таштайм деп коркутууда. 8-апрелде Тегеран менен Вашингтон эки аптага жарашып жатканы айтылган. 17-апрелде Иран Ормуз кысыгындагы убактылуу элдешүү аяктаганга чейин коммерциялык кемелердин катташына уруксат берген. Ал эми АКШ макулдашуу бекитилмейин ирандык портторго коюлган чектөөнү албастыгын айтып, көшөрүп туруп алган. Мындай кадамдан кийин Тегеран Ормузду жаба турганын билдирип, кысыкка жакын келгендерди аябай турганын эскерткен.