Колумбиянын президенти Вашингтонго эскертүү берди

Мартта ЖМКлар АКШ бийлиги Густаво Петро боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлаган. Анда Колумбия президентинин баңгизат саткан соодагерлери менен байланышы текшерилип жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Колумбиянын президенти Петро Густаво эгер Вашингтон аймакка карата басым жасоо жана опузалоо саясатын кайрадан жакшылап карап чыкпаса, Латын Америкасында АКШга каршы көтөрүлүш чыгышы мүмкүн экенин эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Кырдаал мындан бир нече кылым мурда Испан падышалыгынын тушундагы системага баратат. Ал кезде Латын Америкасы кандай жооп кайтарды эле? Албетте, көтөрүлүш менен. Эгер АКШнын өкмөтү Латын Америкасы менен ымаласын өзгөртө албаса, азыр да дал ушундай окуя кайталанат", — деген ал.
Ошондой эле ал АКШ санкцияларын эгемен саясат жүргүзгөн өлкөлөргө басым жасоонун куралы катары колдонулуп жатканын баса белгиледи. Петро муну өзү OFAC (АКШнын Каржы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы) тизмесине киргенде түшүнгөнүн айтты. Ал мындай тизме алгач баңгизат соодасына каршы күрөшүү үчүн түзүлсө, убакыттын өтүшү менен саясий механизмге айланып кеткенин кошумчалады.
Буга чейин, март айында The New York Times басылмасы өзүнүн маалымат булактарына таянып, Америка бийлиги Петро боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын жазган. Ал баңгизат соодагерлери менен байланышы болушу мүмкүн деген шек менен каралган иш экени айтылган. Иликтөө али баштапкы баскычта болуп, бул иш расмий айыптоолорго алып келер-келбеси азырынча белгисиз экени айтылууда.
Трамп Колумбиянын башчысы да Мадуро сыяктуу кармаларын кыйытты