БШК Ленин округунан Мирлан Жээнчороевди ЖК депутаты кылып каттады

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ал Бишкектеги №21 Ленин шайлоо округунан шайланып, кийин мандатын тапшырган Кубанычбек Конгантиевдин ордуна келет.
2025-жылы ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо аталган округдан 13 379 добуш менен биринчи болуп келген Конгантиев 10-мартта өз каалоосу менен мандатын тапшырган. Эртеси эле УКМК тарабынан кармалып, эки айга тергөө абагына киргизилген.
Конгантиевдин ордуна 6259 добуш менен үчүнчү орунду алган Чыңгыз Айдарбеков келмек. Бирок марттын соңунда ал БШК мандат бербей жатканын айтып чыккан. Кийинчерээк анын ИИМде сурак берип чыкканы кабарланган.
Ички иштер министрлиги кечээ Айдарбековго кылмыш иши козголуп, өлкөдөн чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганын билдирди. Ал тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Айдарбеков бүгүн ЖК депутаттыгына талапкерлигинен баш тартты.
Мындан улам бош калган мандат 3 324 добуш менен кийинки сапта турган Мирлан Жээнчороевге ыйгарылды. 46 жаштагы Жээнчороев 2015-жылы "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Жетинчи чакырылыштагы шайлоого "Альянс" фракциясынан талапкер катары катышкан.
БШК Сариевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады