"Манас" университетинен өтчү Миңжылкыев көчөсүн узартуу иши бир айда башталат

Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргыз-түрк "Манас" университети аркылуу өтө турган Миңжылкыев көчөсүн узартуу иштери бир айдын ичинде башталат. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов "Кабарга" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жол окуу жайдын эки кампусунун ортосунан өткөндүктөн студенттердин коопсуздугу үчүн жер алдында өтмөк курулат. Бул боюнча так чечим чыккан.
Ошондой эле Миңжылкыев көчөсүн Тыналиевден Айтматов проспектине чейин чыгаруу 2025-жылга чейинки башкы планда каралганы айтылды. Мындан тышкары, анда Бакаев көчөсүн Ахунбаев көчөсүнөн Масалиев проспектине чейин тартып баруу дагы бар.
"Быйыл Миңжылкыев менен Бакаев көчөлөрүн университеттин аймагынан өткөрөлү деп жатабыз. Бишкекте ички миграция күчөп жатат. Анын ичинде Жал кичи районунда беш жылда эле элдин саны эки эсе көбөйгөн, азыр 36 миңдей адам жашайт. Жок дегенде 40 пайызында унаа бар. Жалда жашагандар негизинен Тыналиев жана Ахунбаев көчөлөрү менен каттайт. Бул жол тыгынын азайтуу үчүн жасалууда", — деди Жанболотов.
Демилге соцтармакта кызуу талкуу жаратты. Айрымдар буга каршы чыкса, кээси муниципалитеттин планын колдоп жатат. Ал арада шаардыктар калаа бийлигинен Садырбаев көчөсүн Фучик көчөсү (Лев Толстой көчөсүнө чейин узартып) менен эртерээк бириктирүүнү суранышууда. Элдин айтымында, мындай кадам шаардын батышындагы тыгынды азайтууга жардам берет.
Бишкекте 15-апрелден тарта эки чоң көчө жабылат