БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бала бакча же мектеп кургандарга жер тилкеси акысыз берилет. Бул туурасында президент Садыр Жапаров Араванда эл менен жолугуп жатканда айтканын анын маалымат кызматы билдирди.
Жапаров жер тилкелерин берүү маселесине токтолуп, жер ресурстарын майнаптуу пайдалануу зарылдыгын өзгөчө белгилеп, айыл чарба жерлерин сактоо артыкчылык бойдон кала берерин айткан. Ошону менен бирге ал турак жай маселелерин чечүү максатында көп кабат үйлөрдү куруу жандандырыларына токтолгон.
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Президент жергиликтүү бийлик органдарына мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга даяр инвесторлорго жана жарандарга жер тилкелерин кайтарымсыз негизде берүүнү тапшырган. Мамлекет мындай демилгелерди ар тараптан колдой турганын баса белгилеген.
"Биз райондун борборлорунан, шаарлардан жер бөлүп беребиз. Аянты билим уясынын көлөмүнө жараша 1 гектардан 2 гектарга чейин болот", — деген мамлекет башчы.
Президент мамлекет мектеп курууга жетишпей жатканын айткан.
"Окуучулардын саны өсүп жатат. Жылына 20-30, кээде 50-60 мектеп куруу зарыл. Ошондуктан биз жеке секторду тартып, бала бакча жана мектеп куруу үчүн жерди акысыз сунуштап жатабыз. Жер тилкесинин аянты 50 сотыхтан тартып бир гектарга чейин болушу мүмкүн", — деген өлкө башчы.