БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкектеги Жал кичи районун Чыңгыз Айтматов проспекти менен бириктирген жол салуу пландалууда.
Калаа мэриясынан кабарлагандай, жаңы жол Жалдагы Миңжылкыев көчөсүн улай Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аралап өтмөкчү. Узундугу 1,3 чакырымды түзүп, эки тилкелүү болот. Студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдында өтмөктөрдү куруу каралган.
Ошондой эле Дүйшеев көчөсү Айтматов проспектинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин төрт тилкелүү болуп уланып, жалпы узундугу 1,1 чакырымды түзөт.