Гитлер да сестенип турган. Жеңиш үчүн чоң эмгек жасаган партизандарды эскерүү

10-апрель — Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик күчтөргө каршы күрөшкөн кыймылдарды эскерүү күнү. Бул күнү гитлерчилер менен жоокерлердей эле Ата Мекен, адамзаттын теңчилиги жана келечеги үчүн жанын берген каршылык уюмдарынын өкүлдөрү, партизандар эскерилет.
Sputnik
Тарых беттерин ачып карай турган болсок, өзгөчө СССРде Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына мындай кыймылдардын кошкон салымы чоң болгон. Муну биз Батыш өлкөлөрү жана Америка биргеликте Францияда ачкан 2-фронтко Гитлердин 50гө жакын дивизия жиберип, ал эми курал-жарагы, аскердик даярдыгы жок советтик партизандык кыймылдар менен күрөшүүгө 52 дивизия аскерин жөнөткөнүнөн эле байкасак болот. Тарыхта өзгөчө орду бар датанын алкагында тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Саламат Малабаев менен маек курдук.
— Экинчи дүйнөлүк согушта партизандык кыймылдардын орду тууралуу баарлашсак?
тарых илимдеринин кандидаты, тарыхчы Саламат Малабаев. Архив
— Тарыхта эң кандуу согуш катары калган бул апаатта фашизмге каршы күрөшкөн кыймылдардын жеңишке салымы зор болгон. Өзгөчө бул кыймылдар совет өлкөлөрүндө мыкты иштеген. Вермахттын аскерлери дал ушул советтик партизандарды 2-фронт деп атап, аябай коркушкан. Ал эми 2-фронт деп расмий аталган Батыш өлкөлөрүнүн 1944-жылы Францияда ачкан фронтуна Гитлер 40тан ашуун дивизия жиберсе, партизандар менен күрөшүүгө 52 дивизия бөлгөн. III Рейхтин пропагандалык саясатында советтик партизандар мыкаачы, колго түшкөнүн сот-сураксыз эле кырып-жоюп салчу жапайы адамдар катары сүрөттөлгөн. Алар муну немецтик аскерлерди партизандарды жек көрдүртүү үчүн жасашкан, бирок жоокерлер, тескерисинче, алардан көбүрөөк корко баштаган.
Советтик партизандары жергиликтүү калкка жаман көрсөтүү максатында III Рейх өзү да партизандык кыймылдарды түзгөн. Алар советтик тарыхый, архитектуралык баалуулуктарды талкалап, ашканаларда бекер тамак ичип, уруш-жаңжал чыгарып, бүлүндүрүп кетишкен, өздөрүн советтик партизанбыз деп тааныштырышкан. Иш жүзүндө советтик партизандар жүк ташыган эшелондорду жок кылып, кампаларды өрттөп, душмандар өтчү жолдордо тоскоолдуктарды жаратышкан. Башкача айтканда, алар аскерлер менен бетме-бет согушкан эмес. Өз элин тономок турсун, аларга көрүнбөй иш алып барууга, жергиликтүүлөргө билдирбей ошол аймакты, элди сактап калууга жан үрөп, тапшырмаларды аткарышкан. Дагы бир маанилүү жагдай, советтик партизандарга душман менен түз согушка чыгып, аларды жок кылуу тапшырмалары коюлган эмес. Ооба, партизандарга да кадимкидей тапшырмалар берилген. Алар Кызыл армия менен тыгыз иштешкен, аскер адамдарынан дайындалган кураторлору болгон. Уюштуруучулук жогорку деңгээлде эле. Башкаруу иштери жакшы болгондуктан мындай каршылык кыймылдары жеңишти жакындатканга чоң салым кошо алышкан.
— Каршылык көрсөтүү кыймылдары Батыш өлкөлөрүндө да болгонбу?
— Ооба, Адольф Гитлер Батыш өлкөлөрүн басып алган соң ал жактарда каршылык көрсөтүү кыймылдары негизделген, бирок өзгөчөлүктөрү бар эле. Европалык партизандар советтик каршылык уюмдарындай болуп согушка түз катышкан эмес. Алар саботаж, каршылык акцияларын уюштуруу сыяктуу жөнөкөй иштерди жасашкан. АКШ, Англия жетекчилери 1941-жылдан тарта эле Сталинге 2-фронт ачууну убадалап келишкен, бирок анысын жеңиш жакындап калган 1944-жылы гана аткарышкан. Мунун да өзгөчө себеби бар. Гитлер жер жүзүндөгү адамдарды класстарга бөлгөн. Европалыктарды жакыныраак тутуп, аларга башкача мамиле жасалган. Ал эми СССР калкын жашоого укугу жок деп таап, кырмак болот. 1941-жылдын 22-июнунда бастырып кирген фашисттик армияга алдынан чыккан жаш баладан тартып карыяга чейин өлтүрүүнү буйруган. Мындай жосунун Жер планетасын тазалоо деп түшүндүргөн.
Советтер Союзу төрт жыл тынбай согушуп, фашисттерди сүрүп чыгып баратканда европалыктар "Гитлерди жеңсе болот тура, биз эмнеге жеңилип калдык" деп, ойлонуп калышкан. Ошондо Шарль де Голль деген аскер адамы партизандык кыймыл түзгөн. Бирок Европа өлкөлөрү ага жардам берүүгө да даай алышкан эмес. Иосиф Сталин анын каршылык көрсөтүү кыймылын расмий таанып, курал-жарак жана башка жактан көмөк көрсөткөндөн кийин гана АКШ менен Англия бир аз жардам беришкен. Ушунун жыйынтыгы жана Советтер Союзунун колдоосу менен кийин Шарль де Голль Франицянын президенти болгон.
Батыштагы каршылык кыймылдарынын эң беделдүүсү деп чех студенттеринин 1942-жылдын 17-ноябрындагы фашизмге каршы чыккан акциясын айтсак болот. Аларга фашисттик Германиянын аскерлери ок чыгарган. Ошондон улам бул күн Студенттер күнү катары белгиленип келет.
Батыш партизандары менен советтик кыймылдарды салыштырсак, Японияны айтсак болот. Бул өлкө азыр өнүккөн, адам укуктарын баалаган мамлекет болуп отурат. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япония милитардык, фашисттик өлкө эле. Канчалаган кытай, корейлер ошол учурдагы япон саясатынын курмандыгы болушкан. Тарыхта мындай маалымат бар, 1945-жылы Кытайда Гоминьда́ндар менен Коммунисттик партиянын жактоочуларынын ортосунда жарандык согуш жүрүп жаткан маалда Кытай Эл Республикасын негиздеген Мао Цзэдун кызмат өтөгөн 8-армияны япондуктар курчап алат. Максаты — өлкө ичиндеги абалдан пайдаланып Кытайды басып алуу эле. Мына ушул учурда Советтер Союзунун маршалы Александр Василевский Маньчжурия операциясын мыкты уюштуруп, япондордун "Квантун" операциясын талкалап, Кытайды фашизмден сактап калган. Бул операцияда да партизандардын эмгеги байкалбаганы менен абдан чоң болгон.
— Ушул партизандык кыймылдарда кыргыздар да активдүү катышканы айтылат.
— Албетте. Өмүрбек Туралиев, Таабалды Артыкбаев, Зарлык Сагынбаев, Аширбай Коенкөзов, Жаманкул Жээнчороев сыяктуу белгилүү партизандар болгон. Мисалы, Туралиев атайын даярдыктан өткөн, партизандык кыймылдарды уюштурган белгилүү партизан болчу. Укранидагы бандерачыларга каршы күрөштөргө көп катышкан. Аты аталган кыргызстандыктар — көбүнесе курчоодо калып партизандарга кошулуп кетип же Туралиев сыяктуу атайын тапшырма менен барып колго түшпөстүн айласы менен партизандык кыймылдарга кошулгандар. Алар жеңишти жакындаткан ири операцияларга катышып, ал тургай уюштурушкан. Бир нече беделдүү сыйлыктарга ээ болушкан. Тилекке каршы, бири тууралуу да же китеп жазылып, же кино тартылган эмес. Булар тууралуу Кыргызстанда дээрлик айтылбайт. Бизден чыккан партизандар көбүнесе Беларусь фронтунда болушкан. Буларды изилдеген, маалымат чогулткан деле тарыхчы жокко эсе. Азамат Казакбаев деген тарыхчыбыз бар, ушул кесиптешим гана Беларусь архивдеринен айрым маалыматтарды тааптыр, билишимче, мындан башка эч ким изилдей элек.
— Демек, бул кыймылдардын иши тарыхый баасын ала элек экен да?
— Ооба, мунун себептери да бар. Кээ бир учурларда партизан болуп эрдик көрсөткөн деген адамдар изилдей келсе чыккынчы болуп чыгышкан. Азыр биз аны жанын сактап калуунун амалын көргөн деп коюшубуз мүмкүн, бирок фашизмге каршы турууда бул кечирилгис күнөө да. Колго түшүп же башка себептерден улам Вермахт менен иштешип, анан Кызыл армия жеңгенде "мен аларга каршы күрөшүп, партизан болуп жүрдүм" дегендер да болгон. Бирок бул жалпы партизандардын эмгеги даңкталууга татыксыз дегенди түшүндүрбөйт. Тескерисинче, алар жок жеңишке жетчү күн создугуп кетмек, балким, башкача жеңиш болмоктур. Ошондуктан терең изилдеп, актан караны бөлүп алып, кийинки муунга туура тарыхты жеткирүү — мурдагы СССРге кирген ар бир өлкөнүн милдети. Болбосо тарыхты унутуу келечекте чоң катачылыктарга кептейт.
Негизи эле постсоветтик өлкөлөрдө Улуу Ата Мекендик согуш темасы толук, ырааттуу иликтене элек. Анын ичинде партизандар өзүнүн тарыхтагы татыктуу баасын алышы керек.
Путин совет элине каршы жасалган геноциддин курмандыктарын эскерчү күндү бекитти