БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жүк Түркмөнстан менен Ирандын чек арасында жайгашкан Серахс шаарына жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жардамды тапшыруу 7-апрелге пландалган жана бардык бажылык жол-жоболор аяктагандан кийин ишке ашат.
Эске салсак, 3-апрелде Кыргызстандан ӨКМдин жети фурасы 129 тонна гуманитардык жардам менен чыгып кеткен. Анын курамына 63 тонна дары-дармек жана 66 тонна азык-түлүк кирет (ун, эт консервалары, өсүмдүк майы).
Гуманитардык жардам жөнөтүүнү президент Садыр Жапаров тапшырган.