Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?

Sputnik
Көмүскө экономиканы азайтуу, бизнести колдоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу максатында Кыргызстанда ак ниет ишкерлерди колдоого багытталган жаңы механизм иштеп келет. Жакында ведомстволор аралык комиссия реестрге компанияларды тандоо үчүн 44 ишкананын арызын карап чыгып, алардын айрымдарын талаптарга жооп бербегендиги үчүн четтетти. Жыйынтыгында 12 гана ишкана реестрге киргизүүгө жарактуу деп кабыл алынган. Тизмеге кирген ишкер кандай артыкчылыктарга ээ болот, тандоо критерийлери кандай жана экономикага жана инвестициялык абалга кандай таасир берет? Суроолорубузга Соода-өнөр жай палатасынын уюштуруучулук жана палатага мүчөлөрү менен иштөө департаментинин башкы адиси Насирдин Шамшиев жооп берди.