Бүгүн таңда жер силкинип, күчү 4,5 балл болду

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бүгүн таңда Кыргызстанда түштүк тарапта күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ Сейсмология институтуна таянып билдирди.
Ал эми очогунда магнитудасы 4,5 болгону айтылды.

"Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырзаке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 3,5 балл болгон. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак шаарларында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылды маалыматта.

ӨКМ жабыркагандар жана кыйроолор бар-жогун тактап жаткандыктарын билдирди.
Кытайда жер титиреп, Кыргызстанда 4-4,5 балл болуп сезилди