Радио

Осмонов: карызды да мураска калтыргандар бар

AG Legal юридикалык фирмасынын башчысы, адвокат Бексултан Осмонов мураскер маркумдун карызынан өзүнүн жеке мүлкү менен эмес, мураска алынган мүлк менен гана кутула аларын билдирди.
Sputnik
Маркумдун карызы мүлкү менен кошо мураскерге өтөт. Бул тууралуу Бексултан Осмонов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн-адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, мураскер мүлктүк укуктар менен кошо милдеттерди да мойнуна алат.
"Адамдын байлыгы да, карызы да мурастын курамына кирет. Бирок мураскер маркумдун карызынан өзүнүн жеке мүлкү менен эмес, мураска алынган мүлк менен гана кутулат. Эгер мурас бир нече адамга өтсө, карыз да үлүшкө жараша бөлүнөт. Мурасты алты айдын ичинде кабыл алуу керек. Эгер адам олуттуу себептер менен кечиксе, мисалы, чет өлкөдө болсо же ооруканада жатса сот мөөнөттү калыбына келтирип бере алат. Мурасты кабыл алгандан кийин "карызды төлөбөйм" деп баш тарта албайт. Эгер мураскер болуп, маркумдун карызы бар экенин билсеңиз мүлктүн баасын тактап, карызды ырастаган документтерди текшерип чыгыңыз. Нотариус же юрист менен кеңешип, мураска жараша жоопкерчиликти аныктаңыз. Бул кийин боло турган талаш-тартышты алдын алат", — деди Осмонов.
Ошондой эле ал ар бир мураскердин укугу мыйзам менен корголорун кошумчалады.