Кыргыз премьер-лигасына кийинки сезондо Талас жана Токтогул шаарынан эки команда кошулуп, жалпы 16 футболдук клуб ат салышат. Бул тууралуу Медербек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, машыгуу базаларын куруу үчүн мамлекет тарабынан өлкөнүн футбол клубдарына үч гектардан жети гектарга чейин жер бөлүндү.
"Президент Садыр Жапаров 2024-2034-жылдарга Кыргызстанда футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Анын алкагында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу милдети коюлуп, инфратүзүмдүк маселелер чечилип жатат. Алсак, кийинки жылы пландалган бардык инфраструктуралык долбоорлор соңуна чыгат. Ички чемпионатты күчтөндүрүү боюнча толук кандуу иштер жасалып, командаларга КФБ, мамлекет тарабынан керек болгон жардамды берип жатабыз. Ар бир клуб машыгуу базасын түптөп, аны куруу үчүн мамлекеттен үч гектардан жети гектарга чейин жер бөлүндү. Мындан тышкары, Кыргыз премьер-лигасына кийинки сезондо Талас жана Токтогул шаарынан эки команда кошулуп, жалпы 16 футболдук клуб ат салышат", — деди Сыдыков.
Ошондой эле ал жаңы түзүлгөн командаларды каттоо, аларды колдоо, АФКнын талаптарына жооп берген инфратүзүмдү даярдоодо Кыргыз футбол биримдиги бардык жардамды көрсөтөрүн кошумчалады.