БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бүгүн, 10-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды.
Бул шайлоо кезексиз болгондуктан өнөктүк 20 күнгө созулуп, 29-ноябрда саат 8:00дө жыйынтыкталат.
Парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген. 30 округдан депутат болууга аттангандардын тизмеси менен бул жерден тааныша аласыз.