Кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат. Жапаров Египеттин президенти менен жолукту

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Египеттин башчысы Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Жапаров аталган өлкөгө расмий сапар менен барган. Бетме-бет жолуккан башчылар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров Египеттин башчысы Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукту

2 / 3

Белгилей кетсек, Жапаров аталган өлкөгө расмий сапар менен барган

3 / 3

Бетме-бет жолуккан башчылар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты

"Жапаровдун бул иш сапары кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти. Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин айтышты", — деди маалымат кызматы.
Андан соң лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн.
Садыр Жапаров Египетке сапар алып, Африкага барган биринчи президент болот