Сокку урабы? АКШ Венесуэлага карата чаранын үч вариантын карап жатканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ак үй Венесуэлага карата аскердик чаралардын үч сценарийин карап жатат. Бул тууралуу New York Times маалымат булагына таянып жазды.
Биринчи вариант боюнча Венесуланын президенти Николас Мадурону колдоодон ажыратуу үчүн аскердик объектилерге абадан сокку жасалат.
"Экинчи вариант Вашингтондун атайын күчтөрүн Мадурону колго түшүрүү же өлтүрүү үчүн жөнөтүүнү карайт", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми үчүнчү план АКШнын террорчулукка каршы күчтөрүн Венесуэланын аэродромдорун, жок дегенде мунай кендеринин жана инфраструктурасынын бир бөлүгүн көзөмөлгө алуу үчүн жөнөтүүнү карайт.
Басылма акыркы эки план Американын кургактагы күчтөрү жана жергиликтүү тургундар үчүн көбүрөөк коркунуч жаратарын белгилеген.
Биринчи ыкманы сындагандар авиасоккулар тескери натыйжа берип, Мадурого өзүнүн айланасына колдоо топтоого мүмкүндүк берерин айтышууда.
Макалада ошондой эле эгер Венесуэланын президентин жок кылуу чечими кабыл алынса, Вашингтон чет элдик лидерлерди өлтүрүүгө салынган тыюуну айланып өтүү үчүн аны "наркотеррордук банданын башчысы" деп жарыялай турганы белгиленген.

АКШ менен Венесуэланын ортосундагы мамиленин курчушу

АКШ акыркы жумаларда Кариб деңизинде баңгизат ташыйт деп эсептеген катерлерди жок кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү бир нече жолу колдонду. Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, мындай операциялар трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү максатында өткөрүлүүдө. Мунун айынан Каракас менен Вашингтондун мамилеси кыйла курчуп кетти. Ак үй ЦРУга Николас Мадуронун өкмөтүн туруксуздаштыруу үчүн республикада жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди аны камакка алууга жардам бере турган маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык жарыялады. Венесуэланын президенти террордук уюмдарды Америка Кошмо Штаттарына баңгизат жеткирүү үчүн колдонот деген маалыматтар айтылып келет.
Өткөн аптада Newsweek басылмасы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, америкалык Iwo Jima тик учак ташуучу кемеси жана аны коштогон кемелер Ла-Орчила аралынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирген. Венесуэланын негизги авиабазаларынын бири жана радиолокациялык комплекстери ошол жерде. Miami Herald басылмасы АКШ жакынкы күндөрү республиканын аймагындагы буталарга сокку урушу мүмкүн экенин жазды.
Дональд Трамп бул билдирүүлөр боюнча Венесуэлага кол салуу ниети жок экенин айткан. Мамлекеттик катчы Марко Рубио дагы ЖМКларда тараган маалыматты четке какты.
Трамп Нигерияга аскер жөнөтөрүн же абадан сокку урарын кыйытты