БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуучулардын параддык кийимине жана сыйлык атрибутикасынын дизайнына сынак жарыяланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция билдирди.
Форма улуттук стилде жасалып, оюндардын символикасынын элементтери кошулуп, ыңгайлуу жана коопсуз болушу зарыл. Конкурска дизайнерлер, модельерлер, костюм боюнча сүрөтчүлөр, ошондой эле чыгармачыл жамааттар катыша алат.
I орунга — 150 миң сом;
II орунга – 100 миң сом;
III орунга – 80 миң сом байге каралган.
Ал эми мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер үчүн сыйлык атрибутикасынын дизайны улуттук колоритти, Көчмөндөр оюндарынын символикасын, рухун чагылдырышы шарт. Талап боюнча, медаль, сертификат, дипломдордун баары бирдиктүү стилде аткарылып, түстөр жана улуттук өң-түс элементтери айкалышып турушу зарыл. Эмгектер техникалык колдонууга ылайыктуу болушу керек.
I орунга – 100 000 сом;
II орунга – 80 000 сом;
III орунга 50 000 сом байге каралган.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү 17-ноябрга чейин Дене тарбия жана спорт агенттиги кабыл алат.