Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
УКМК куралдуу кагылыштар жана өзгөчө абал учурунда айрым түзүмдөрдөн байланышты жана интернетти өчүрүүнү сунуштады. Мыйзамдын долбоору кылмыштын ар кыл түрлөрү менен күрөшүү максатын көздөйт. Аны менен бирге эле бир катар эрежелер өлкөнүн жаңы Санарип кодексине ылайыкташтырылууда. Комитет азыркы согуштарда смартфондор менен планшеттер көп учурда чабуулдарды координациялоо, дрондорду багыттоо жана чалгын маалыматтарын алуу куралына айланып калганын түшүндүрдү. Мындан тышкары, тергөө иштери жүрүп жатканда мобилдик байланыш операторлору колдонуучулар тууралуу маалыматты тиешелүү органдарга берүүгө милдеттүү болот.
Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин аткаруучу директору Кадырбек Букуев Депозиттерди коргоо фондунун жалпы көлөмү 9 миллиард сомго жеткенин айтты. Кыргызстандын банктарындагы депозиттин көлөмү ушул жылдын тогуз айына карата 815 миллиард сомдон ашты. Сумма жыл башынан бери 205 миллиард сомго көбөйгөн.Анын айтымында, банктардагы депозиттин көлөмү кийинки жылы 1 триллион сомго жетери болжолдонууда. Ошондой эле ал калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурсун сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү чаралары күчөтүлөрүн кошумчалады.
Кыргызстанда тигилген спорттук кийимдердин басымдуу бөлүгү ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өлкө сегиз ай аралыгында 248 миң даана кийим саткан. Кардар өлкөлөр: Казакстан — 185,2 миң; Россия — 51,1 миң; Өзбекстан — 11,3 миң;
Быйыл Талас облусу боюнча төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Дыйкандарды колдоо жана фасолдун баасын турукташтыруу максатында министрлер кабинети "Кыргыз агрохолдинг" ААКка төө буурчак сатып алуу үчүн 100 млн сом бөлгөн. Натыйжада дыйкандарды колдоо максатында 1 килограмм фасоль 95 сомдон сатып алынууда. Бул чара Талас облусундагы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, ички рыноктогу бааларды туруктуу кармоого жана агроөнөр жай тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган. Быйыл өлкө боюнча 55,8 миң гектардан ашык жерге эгилген. Жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзүүдө. Андыктан, айрым жеке тараптардын "100 миң тоннадан ашуун төө буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат", - деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт.
Владимир Зеленский менен Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин ортосунда олуттуу пикир келишпестик жаралды. Бул тууралуу британиялык аскердик аналитик Александр Меркурис өзүнүн YouTube каналындагы эфиринен билдирген. Анын айтымында, Зеленский Сырскийге ДЭРде чабуул жасоого буйрук бергени тууралуу маалыматтар бар. Меркурис эгер бул маалыматтар анык болсо, Украина үчүн фронттогу абал канчалык начарлаганын көрүүгө болорун белгилеген. Россиялык аскерлер атайын аскердик операция аймагындагы иштерин активдүү улантууда. Ошол эле учурда Киев дагы Россиянын аймагындагы жарандык объектилерге чабуул жасаган. Буга жооп катары Украинанын аскердик өнөр жай ишканаларына, алардын ишин камсыз кылган газ-энергетикалык комплексине, Куралдуу күчтөрдүн объектилерине гиперүндүү "Кинжал" ракеталары менен сокку урулган.