Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбаттады. Бүгүнкү баа

Sputnik
ЧПУ: kyrgyzstan-kuyuuchu-may-benzin-dizel-baa-kymbat
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкөдө күздүн башынан бери бензиндин баасы кеминде 5,5 сомго көтөрүлдү.
2-ноябрга карата май куюучу жайлардын бириндеги баа:
АИ-92 — 76,4 сом (1-сентябрдан бери 6,5 сомго кымбаттаган);
АИ-95 — 81,4 сом (+5,5);
Дизель — 80,8 сом (+3,5).
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 8-октябрда күйүүчү майдын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөөнү жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоону тапшырган. Өкмөт мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салган болчу.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап, өкмөт көзөмөлдү күчөтүүдө