Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Томагавк" берүүнүн зарылдыгы жоктой. АКШнын Киевге берчү куралы тууралуу айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. АКШ Украинага "Томагавк" ракеталарынан элүүнү гана бере алат. Бул туурасында Financial Times басылмасы жазды.
"Вашингтон Киевге 20дан 50гө чейин гана "Томагавк" канаттуу ракеталарын бермекчи, анткен менен алар согуштун жүрүшүнө таасирин олуттуу тийгизе деле албайт", — деп айтылган анда.
Пентагондун мурдагы кызматкери Марк Канчиан Кошмо Штаттардын мындай 4150 ракетасы бар экендигин билдирген. Анткен менен Вашингтон Киевге бир нечесин гана бере ала турганы маалым болду. Эксперттердин айтымында, 2022-жылы сатып алынган 200 ракетанын 120сы колдонулган. Келерки жылдын бюджетине алардын 57син алууга гана каражат бөлүү пландалган.
Ал арада америкалык Oshkosh Defense компаниясы "Томагавк" үчүн жасалган, ташып жүрө ала турган дүрмөттөөчү түзүмдөрдүн ар кыл түрлөрүн көрсөттү. АКШнын армиясы ассоциациясынын 13-15-октябрда болчу көргөзмөсүндө Oshkosh Defense аталган ракеталардын өндүрүшкө даяр турган көчмө үч вариантын көрсөтө турганы айтылды.
Эске салсак, өткөн аптада Ак үйдүн кожоюну Доналд Трамп "Томагавк" канаттуу ракеталарын Украинага берүү боюнча чечимди кабыл алгандыгын жана Киев аны кантип пайдаланарын билүүгө кызыкдар экендигин айткан эле.
Россия лидери Владимир Путин Киевдин мындай ракеталарды колдонушу Москва менен Вашингтондун алакасына доо кетирерин белгилеген болчу. Ал кандай болгон күндө да Россия агрессивдүү аракеттин баарына жооп кайтарууга даяр экенин, ATACMS ракеталарына ыңгайлаша алган абадан коргонуу күчтөрү "Томагавктын" да эбин табарын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина парламентинде Россияга "Томагавк" менен сокку уруу тууралуу айтылды