Президент Садыр Жапаров "Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүү жөнүндө" жарлыкка кол койгонун маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, залкар жазуучунун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө максатында даярдык азыртадан башталып, президенттин жарлыгы менен бир нече багытты камтыган тапшырмалар коюлду: 2028-жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланды; министрлер кабинети ушул жылдын аягына чейин мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзөт; кийинки жылдын биринчи кварталынын аягына чейин 100 жылдыкка арналган иш-чаралардын планын иштеп чыгып бекитет. Аталган планга ылайык, төмөнкүлөрдү ишке ашыруу каралууда: Шекер айылында жайгашкан "Чыңгыз-Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексине "Айтматов ааламы" деген аталышын кайтаруу; аталган борбор жана музей-комплекстин инфраструктурасын эл аралык маданий туризмдин стандарттарына ылайык келтирүү; чет өлкөлөрдө көргөзмө, конференцияларды уюштуруу; адабият, философия, дипломатия жана гуманисттик баалуулуктарды жайылтуу жаатындагы өзгөчө жетишкендиктер үчүн Айтматов атындагы эл аралык сыйлык негиздөө; Айтматовдун чыгармаларынын академиялык жыйнагын мамлекеттик, расмий жана башка тилдерде жарыялоо; ата мекендик жана чет өлкөлүк кинематографисттерди тартуу менен Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган көркөм жана документалдык фильмдерди тартуу; Айтматовдун ысымын көчөлөргө, мектептерге, китепканаларга жана башка объектилерге ыйгаруу; "Айтматовдун 100 жылдыгы" коллекциялык алтын монетасын чыгаруу.
Нарында математика, физика жана информатика боюнча Россия жумалыгы башталды. Иш-чараны Россотрудничествонун, Кыргызстандын Агартуу министрлигинин жана облустук администрациянын колдоосу менен Нижний Новгород мамлекеттик университети уюштурган.Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору билдиргендей, окуу жайдын мугалимдери Нарын, Кочкор жана Ат-Башыдагы мектептердин 8-11-класстарынын окуучуларына өзгөчө билим берүү ыкмаларын колдонуу менен сабактарды, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу курстарын өтөт. Окуу жайдын физика факультетинин профессору Ольга Лебедеванын айтымында, мектеп окуучулары үчүн сабактар жасалма интеллект, заманбап технологияны колдонуп өтүлсө, мугалимдерге тажрыйба алмашуу үчүн көптөгөн практикалык сабактар, семинарлар каралган.
АКШ Сенаты алты күндүк шатдаунду токтотуу жана өкмөттүн ишинин кыска мөөнөткө ачылышын шарттай турган мыйзам долбоорун колдой албай койду. Бул туурасында РИА Новости жыйындын жүрүшүн түз алып берген C-Span телеканалына шилтеме кылып кабарлады.Шатдаунду ооздуктоо үчүн 60 добуш керек эле, бирок сенаторлор ал көрсөткүчкө жете алган жок. Андан мурдараак дал ушул күнү демократтар сунуштаган, Obamacare программасы боюнча субсидияларды узартууну камтыган ушуга окшош мыйзам долбоору республикачылардын каршылыгынан улам четке кагылган.Мындай кадамдан кийин АКШ президент Дональд Трамп демократтардын өкүлдөрүнө жолугуп, аларды республикачылар менен тирештирген маселелерди талкуулоого даяр экендигин айтты. Ал биринчи иретте Сенат Америка өкмөтүнүн ишти башташына мүмкүнчүлүк бериши зарыл болуп турганын дагы бир ирет эске салды.