БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россия 2026-жылдын 5-февралынан кийин Стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимге (СЧКК) ылайык чектөөлөрдү бир жыл бою сактоого даяр. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү менен болгон кеңешмеде айтты.
Келерки жылдын 5-февралында СЧКК келишиминин мөөнөтү бүтөт.
Россиянын башчысы бул ниет АКШ да ошондой кадамга барса натыйжа берерин баса белгиледи.
“Россиянын демилгесин ишке ашыруу Кошмо Штаттар менен мазмундуу стратегиялык диалогго өбөлгө болчу атмосфераны түзүүгө олуттуу салым кошо алат деп эсептейм”, — деди Путин.
РФ президентинин Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы негизги билдирүүлөрү:
Россия коргонуу күчтөрүнүн бекемдигине ишенет;
Россиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо пландары дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен түзүлөт;
дүйнөдөгү стратегиялык туруктуулук начарлап жатат;
Батыштын кыйратуучу кадамдарынын натыйжасында өзөктүк куралы бар мамлекеттердин ортосундагы диалог кыйла бузулду;
Россия маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүнү ар дайым артык көрөт;
кандай гана коркунучтар болбосун Россия жооп бере аларынан эч ким шек санабашы керек;
Стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жөнүндөгү келишимден (мөөнөтү 2026-жылдын 5-февралында бүтөт) толук баш тартуу өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине да терс таасирин тийгизет;
Стратегиялык коопсуздук жаатындагы көйгөйлөр Батыштын үстөмдүк кылуу аракети менен байланыштуу;
Москва куралданууга көзөмөл жүргүзүү системасын демонтаждоо коркунуч жаратарын эскертип келген;
РФтин стратегиялык коопсуздук жаатындагы идеялары так жооп алган жок.