Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган 5 бала Кыргызстанга кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган беш бала Кыргызстанга кайтарылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Кичинекейлерди алып келүүдө аталган министрлик менен бирге Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тыгыз иштеген.
"Мекенге кайтарылган балдар Бишкектеги адистештирилген балдар мекемесине жайгаштырылып, мамлекеттик социалдык коргоого алынды", — деп жазылат маалыматта.
Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан туугандарына өткөрүп берүү маселеси каралып жатканы кошумчаланды.
Эмдиги жылы бийик тоолуу аймактардагы балдарга жөлөк пул бериле баштайт