БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ички иштер министрлиги сертификаты жок косметикалык каражаттарды жана медициналык буюмдарды контрабандалык жол менен ташып сатып жүргөндөрдү кармады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматта орган кызматкерлери 12ден ашык дарек боюнча тинтүү жүргүзүп, тиешелүү сертификаты жана уруксаты жок ири партиядагы косметологиялык каражаттар табылганы белгиленген. Андан тышкары, лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок иштеп жаткан косметологиялык бөлмөлөр аныкталганы айтылат.
"Тергөөнүн жыйынтыгында алты киши кармалып, соттун чечими менен камакка алынышты", — деп айтылат кабарда.
Андан тышкары, 29-август күнү аталган кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарындагы пластикалык хирургия клиникаларынын биринде да тинтүү жүргүзүлүп, контрабанда менен келген косметикалык каражаттар табылганы кошумчаланды.
Аталган клиниканын дарыгерлеринин бирине карата пластикалык операциядан жабыркаган жарандардан көптөгөн арыздар келип жатканы айтылат. Бул боюнча иш козголуп, 43 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган.
Ички иштер министрлиги косметологиялык кызматты тандоодо этият болууга жана адистердин расмий документтерин текшерүүгө чакырды.