Трамптын атайын өкүлү Россия менен Украинаны элдештирсе болот деген ишенимде

Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, элдештирсе болот. Бул туурасында АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткоффтун айтканын америкалык телеканалга шилтеме кылып РИА Новости билдирди.
Андан Fox News телеканалынын эфиринде Стив Уиткоффтон дипломатиялык карьерасын эмне менен аяктагысы келерин сурашкан.
"Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалды жөнгө салып, тынчтык келишимге кол коюу менен бүтүрүүнү каалайм. Бул сөзсүз болушу керек. Президент туура айтып жатат. Согуш башталбашы керек эле. Биз аны токтото алабыз деп ойлойм", — деген чабарман.
Буга чейин АКШнын лидери Москвага 50 күндүк шарт коюп, Киев менен тынчтык келишимге барууну талап кылган. Эгер талаптар аткарылбаса Трамп Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин, ошондой эле мунай, газ жана башка энергия булактарын сатып алган өлкөлөргө карата кошумча тарифтерди да колдонорун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батышта Трамптын кекетүүсүнө карабай Россия максатынан баш тартпаганын белгилешти