Улуу Жеңишке 80 жыл: Ата мекендик согуштун маанилүүлүгү жаштарга үзгүлтүксүз жеткирилиши кажет

Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кыргызстанда бир катар иш-чаралар бекитилип, өткөрүлүп жатат. Өлкөдө согуш ардагерлеринин катары жылдан-жылга кыскарып жатат. Ошол себептен аларды урматтап, жаштарга алардын эрдигин, баатырдыгын жеткирүү керектигин, мектеп окуучуларына, студенттерге үзгүлтүксүз бул жеңиштин маанилүүлүгүн жеткирип туруу керектигин луттук гвардиянын мурдагы командири, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев айтып берди.