19-апрелге карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ишембиде күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда 12…17, Таласта 11…16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 10…15, Ысык-Көл өрөөнүндө 9...14, Нарын жеринде 6…11 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек калаасында 12…14, Ош шааарында 13…15 градуска чейин көтөрүлөт.
Ысык-Көл, Нарында 792 миң гектар жерде "Ак илбирс" экологиялык коридору түзүлдү