БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Горький атындагы сейил бакта жаңы Жер кодексинин кабыл алынышына каршы митинг өттү.
Чогулгандар жеке менчикти күч менен басып алууга нааразычылыгын билдиришти. Тынчтык акциясынын катышуучулары кол топтоп, жаңы Жер кодексине кол койбоо өтүнүчү менен президентке кайрылышты.
Мындай акциялар буга чейин дагы өткөн. Анда дагы мүлк ээлери жаңы Жер кодексине ылайык, бийлик компенсацияны базар баасынан төмөн кылып, жер тилкелерин коомдук муктаждык үчүн алып коет деп кооптонуп жатышканын билдиришкен. https://sputnik.kg/20250220/zher-kodeksi-karshy-kol-toptoo-1092177639.html
Ал эми Садыр Жапаров менчик жерлерди алып коюуга каршы экенин айтып, мыйзам долбоору “жеке менчик жерлерди алабыз” деген ченем менен келе турган болсо, артка кайтарарын белгилеген.