БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинград блокадасына арналган эскерүү концерти болду. Бул тууралуу “Русский дом” борборунан билдиришти.
Иш-чаранын максаты — жаштарга кыргызстандыктардын шаардын тургундарын куткарууга кошкон салымы тууралуу баяндоо.
“Концерттин жүрүшүндө чыгармачыл жамааттар музыка, поэзия, бий номерлери аркылуу окуучуларга жана студенттерге блокада жана Ленинграддын коргонуусу, кыргызстандыктардын аны коргоого жана ленинграддык балдарды куткарууга кошкон салымы тууралуу баяндап беришти”, — деп айтылат маалыматта.
Иш-чараны Марат Кутанов жетектеген Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому уюштурду.