УКМК: чет элдик валютаны таратып жүргөн топ колго түшүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чет элдик валютаны таратып жүргөн топ колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, М.И.М. жана С.К.Д. аттуу эки киши эски автоунааларды сатуу жана сатып алуу менен алектенип, төлөмдү жасалма банкноталар менен жүргүзүп жүрүшкөн.
13-январда шектүүлөрдүн жашаган жери тинтилип, ири өлчөмдөгү жасалма улуттук жана чет элдик акчалар табылды. Алынган банкноталар соттук экспертизага жөнөтүлдү.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, акчалар кайдан жасалганы аныкталууда.
Армян номерлүү унаага КР номерин тагып алган айдоочу кармалды