БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Москва районунда мурда окуп кеткен мектебин өрттөөгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди.
Окуя кечээ болгон. Мектептин директору милицияга арыз менен кайрылып, болжол менен саат 04:30дарда белгисиз адамдар мектепке кирип, класстардын эшиктерин талкалап, пардаларды өрттөшкөнүн билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары мурда соттолгон 26 жаштагы Д.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал кылмыш жасоо учурунда мас болгону белгиленди.