БИШКЕК, 12-дек. – Sputnik. Американын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Украина куралдуу күчтөрүнүн америкалык ракеталар менен Россиянын түпкү аймактарына сокку уруусуна каршы. Бул тууралуу ал Time журналына курган маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
Трамп мындай кадам абалды ого бетер курчутарын, Зеленскийдин чечими акылга сыйгыс экенин белгилеген.
"Зеленский президенттин (Жо Байден) ишаараты менен Россиянын аймагына ракеталарды кое берейин десе керек. Менимче бул абалды курчутат. Чечим акылга сыйгыс деп эсептейм”, — деген саясатчы.
Зеленский мурдараак Украинага Батыштын куралдары менен чабуул коюуга уруксат берүүнү талап кылган.
Трамп буга чейин ал Байдендин ордунда болгондо Украинадагы чатак башталмак эместигин, эгерде кайрадан шайланса, Россия-Украина кармашын 24 саатта жөнгө саларын белгилеген.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Трамптын сөзүнө комментарий берип, бул маселени бир күндө чечип койчудай жөнөкөй нерсе эместигин айткан.