Кара-Сууда көңүлдөшү экөөлөп кайнатасын өлтүргөн келинге соттун өкүмү чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда кайнатасын өлтүрдү деп айыпталган келин менен анын шеригине соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Эске салсак, Р.С. аттуу аял милицияга кайрылып, 1-сентябрга караган түнү 64 жаштагы А.Д. аттуу кайнатасы менен уруша кетип, өлтүрүп салган. Анда редакциянын ишенимдүү булактары кайнатасы келинин көңүлдөшү менен кармап алганын билдиришкен.
Кийин шектүү кылмышты А.Н. аттуу таанышы менен жасаганын моюндаган. Алар маркумду бычактап, сөөгүн жуурканга ороп, 30-40 метр алыстыктагы эски унаа токтотуучу жайга жашырып коюшкан.
Факт боюнча Кара-Суу РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, айыбы угузулуп, райондук сотко жөнөтүлгөн.
Кара-Суу райондук соту айыпталуучу Р.С. аттуу келинди 13, ал эми анын таанышы А.Н. аттуу жаранды 14 жылга эркиндигинен ажыраткан. Өкүмдө экөөнүн тең үй-мүлкү конфискацияланары айтылган.
Бишкекте аялын бычактады делген кишини камакка алуу чечими чыкты