Уркуя Салиева Совет бийлигинин идеологиясына ылайык эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүп, жанын берген. Уркуянын балалык чагында эле эч нерседен тайманбаган, такылдаган, сөзгө чечен, өзүнө ишенген сапаттары байкалган. Комсомолдун катарына биринчилерден болуп өтүп, жаңы замандын активдүү тарапкери боло баштаган. 1928-жылы Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. 1929-жылы райондогу алгачкы "Кызыл аскер" колхозун уюштурган. Раис болуп жүргөн учурунда ага кастарын тиккен, кулакка тартылган мурдагы байлар жалган жалаа менен партиялык билетинен ажыратып, партиянын катарынан чыгартышат. Андан кийин да бир нече жолу кол салуу болгон. 1934-жылдын 6-февралынын түнү бетин таанытпай жоолук менен орогон, канжар, союл менен куралданган басмачылар мыкаачылык менен Уркуяны, күйөөсү Колдошту өлтүрүп кетишкен. Эң өкүнүчтүүсү мунун баары балдарынын көзүнчө болот.
«Туяк» программасынын алкагында телефон аркылуу Уркуя Салиеванын небереси Сергей Колдошов жана анын музейин түптөгөн Зуура Нуркамилова маек берип, билген маалыматтары менен бөлүштү.